Трамп проблемасы. Кыргызстан менен окшоштуктар…

АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен соода-экономика боюнча кармашып, күрөшүп жатат. Чыгышта Япония, Түштүк Корея, Австралия менен түзүлгөн соода келишиминен өткөн жылы чыккан. Ага улаалаш Кытайга кине койгон. Мексика, Канада менен, эми соңунда Европа мамлекеттери менен соода согушуна кирүү алдында турат.1-июндан тарта Канада, Мексика жана Евробиримдиктен алына турган металл, алюминийге кошумча төлөм киргизди. Ага чейин андай кошумча төлөмдөр башка мамлекеттерге карата киргизилген эле.

Дональд Трамп эмне үчүн мындай кадамдарга барып, бүтүндөй дүйнөгө каршы чыгып жатат деген суроо туулат?

Мунун биринчи себеби АКШнын тышкы соодасындагы эбегейсиз тескери сальдодо. Кошмо Штаттар дүйнөдөгү эң ири базар (рынок, маркет). Дүйнөдөгү бардык мамлекеттер АКШ базарында долларга товарын сатууга кызыкдар.

Мына ушул себептенби же башка жагдайлар барбы, айтоор, Кошмо Штаттардын жылдык соодасында тескери сальдо 500-600 млрд. долларды түзөт.  Башкача айтканда, АКШнын 2017-жылдагы экспорту  2.33 трлн. доллар болсо, импорту  2.9 трлн. болгон. Тартыштык 600 млрд. доллардын тегереги.

АКШнын тышкы соодада  Кытай, Германия, Мексика, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр менен эбегейсиз тескери сальдосу бар. Бир Кытай менен эле соода таңсыктыгы 375 млрд. долларды түзөт. Мексика менен 71 млрд. доллар. Германия менен да ушундай эле суммада соода тартыштыгы бар.

Ошондуктан президент Трамп “Кошмо Штаттарды каалаган соодалап тоноп кетүүдө деп эсептейт.

Демек, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк ири мамлекеттер менен “соода согушуна” чыгып жатышынын биринчи себеби, Кошмо Штаттардын тышкы соодасындагы эбегейсиз тескери сальдо. Анын айынан мамлекеттин карызы көбөйүп, акча сыртка агылып кетип жатышында…

“Америка баарынан биринчи кезекте” деген Трамп бул тескери көрүнүштү токтотуп, тышкы соодада балансты калыбына келтирүүгө умтулууда.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын тышкы соодасында да өтө чоң тескери сальдо  бар. Бизде кырдаал АКШга караганда бир нече эсе оор жана татаал.  Кыргызстанда импорт экспорттон 3-4 эсе көп. Маселен, 2016-жылы Кыргызстандын экспорту 1 млрд. 573 млн. доллар болсо, импорту 4 млрд. доллардан ашкан… Үч эсеге жакын тескери сальдо.

Мындайда улуттук валютанын куну кетип, девальвация коркунучу турат… Кыргызстанды андан чет жактагы эмгек мигранттарынын акча которуулары сактап келатат. Алар расмий түрдө жыл сайын 2-2.5 млрд. доллар которушат.  Аны менен кайсы бир деңгээлде акчанын агымы балансташып, улуттук валюта сом туруктуудай турат.

Бирок бул өтө морт туруктуулук. Ал сомдун курсунун ар кандай себептерден кескин кунун жоготуп, Улуттук банк аны миллиондогон доллар интервенция менен сактап келатышынан көрүнүп турат…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар