Трамп менен Коминин чатагы Конгрессте талкууланат

ФБРдин мурунку башчысы Жеймс Коми бүгүн, 8-июнда Конгресстин Чалгын комитетинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берет. Анын алдында Коминин кат жүзүндөгү көрсөтмөлөрү жарыяланганын эл аралык маалымат каражаттары 8-июнда жазып чыкты.  Анда Дональд Трамп кызматтан бошотуу алдында  Комиден “жеке берилгендикти” талап кылганы аныкталды.

АКШнын Конгресси АКШдагы президенттик шайлоо Орусиянын таасирин иликтеп жатат. Анын алкагында Коми дагы суралмакчы. Дональд Трамп Комини кызматынан бошотоор алдында Майкл Флиннге байланыштуу иликтөөнү токтотууну талап кылганы да маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматында бир ай иштеп-иштебей Флинн ордун бошотуп кетүүгө арагсыз болгон. Ал Орусиянын Америкадагы элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуусу тууралуу вице-президент Пенске толук маалымат бербегени үчүн кызматынан кеткен эле.

Трамптын сынчылары Комини мына ушул иликтөөлөргө байланыштуу кызматтан бошотту деп сынга алып жатышат. АКШ бийлик өкүлдөрүнүн тергөө иштерине кийлигишүүсү өтө терс көрүнүш катары бааланат.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар