Трамп Кубага санкцияларды кайра киргизди

АКШнын мурунку президенти Барак Обама Кубага карата эмбаргону жеңилдетип, эки мамлекеттин ортосунда мамилени жөнгөрүүдө көп чечимдерди кабыл алган эле.

Жаңы президент Дональд Трам Кубага карата саясатты катаалдантты. Ал Гавана Түндүк Кореяга курал сатууда жана Венесуэладагы кырдаалды курчутууда деп айыптады. Кубалыктар көп жашаган Майамиде 16-июнда сөз сүйлөгөн Трамп Кубаны сүйлөшүүгө келип, эки өлкөнүн кызыкчылыгына төп келген макулдашууга чакырды.

Кубага карата санкцияларга токтолгон Трамп, Кубада саясий туткундар бошотулмайын, сөз эркиндиги орноп, саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө жол берилмейин санкция алынбайт деген.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар