Трамп: АКШ Түндүк Кореяны жок кылууга аргасыз болот…

19-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында биринчи жолу сөз сүйлөдү.  Түндүк Корея маселесине токтолгон Трамп “Кошмо Штаттар абдан чон кубатка жана чыдамга ээ. Бирок эгерде өзүн же союздаштарын коргой турган болуп калса, анда Түндүк Кореяны толук талкалоодон башка арга калбайт бизде” деди.

Түндүк Корея ядролук куралга жана аны жеткирүүчү баллистикалык ракетага ээ болуу максатында сыноолорду өткөрүүдө. Пхеньян аткан акыркы эки ракета өтө узак аралыкка жетти.

Муну менен Түндүк Корея Япония эле эмес, АКШнын Гуам аралындагы аскерий базасына сокку урууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бул АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын абдан тынчсыздандырууда.

Пхеньян өз кезегинде алардын максаты ядролук-ракеталык куралдарын өркүндөтүп, АКШ менен аскерий паритетке жетишүүнү көздөөрүн жарыялады.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар