Төртөө бирөөгө токтолот. Ал ким болот?

Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев биригишкенин жарыялап, дүйшөмбү күнү саясий турмушта чоң сенсация жаратышты.

Алар мамлекеттин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактоону эң маанилүү маселе деп атап, алдыда мамлекеттүүлүктү иш жүзүндө кайрадан калыбына келтирүү милдети турат деп эсептейт. Мына ушул маселени чечүү жана милдетти аткаруу үчүн биригип, жаңы саясий партия түзүүнү чечтик, деп айтылат төрт саясатчы кол койгон макулдашууда.

Макулдашууга кол коюлгандан тарта “бирдиктүү саясий күчкө айланып, быйылкы жылкы президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдоону чечтик. Башка кызыкдар саясий күчтөр менен кызматташууга даярбыз. Алдыдагы артыкчылык бере турган маселе президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүп, бийликтин легитимдүү түрдө өткөрүп берүү деп эсептейбиз”, деп белгиленген  макулдашууда.

Бул чачкындан чарчагандан жана жалгыздаганда күчтөрү чамалуу экенин сезгенден кийинки биригүү.

Бул биринчи кезекте бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков жана “акчалуу” талапкер Өмүрбек Бабановго каршы биригүү.

Эми төртөө кимге токтолушу мүмкүн деген суроо  турат. Бирок макулдашууда сөзсүз төртөөнүн бирөөсү деген эмес, “бирдиктүү талапкерди колдоо” жөнүндө сөз болгон. Ошондуктан ал талапкер төртөөнөн башка болушу да ыктымал. Макулдашууда мына ошого жол коюлган. Чектөө айтылган эмес.

Макулдашууга ириде төртөө кол койгондуктан төртөөнүн ичинен кимиси тандалышы мүмкүн дегенге жооп издеп көрсөк.

Булардын ичинен каражат жагынан Акматбек Келдибековдо мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Бирок Келдибековду БШКа талапкер катары каттабай коюшу ыктымал. Анын соттулугу бар деген шылтоо колдонулат.

Ошондуктан калган үчөөнүн бирөө тандалышы мүмкүн. Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев же Адахан Мадумаров.

Адахан Мадумаров калкка таанымалдыгы, саясий жактан такшалгандыгы менен артыкчылыкка ээ. Ошондуктан төрт саясатчынын жашы жана тажрыйбасы жагынан эң улуусу катары ал тандалышы толук мүмкүн. Бирок каражат жагынан чамасы чакталуу, ошого жараша “сеть” түзүү жагынан күчтүү эмес .

Ал эми Бакыт Төрөбаев саясий жактан “дурус быша элек” делген менен  “Өнүгүү” партиясын парламентке алып келип, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо да жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Ошондуктан жаңыдан бириккен күчтөр Бакыт Төрөбаевди сүрөшү толук ыктымал.

Камчыбек Ташиев да компромисттик фигура катары баарын канааттандырат. Садыр Жапаров досун колдоп, өлкөнүн башка региондорунан да таяныч кармоодо.

Бирок азыркы учурда саясий истеблишментте Атамбаев, Жээнбеков, Бабанов бир тарап, калган саясий күчтөр бир тарап деген жиктелүү жүрүп жатканын эске алганда чоң биригүүнүн алкагында Темир Сариевге токтолуу мүмкүнчүлүгү да жок эмес. Анын үстүнө  Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибековдун Темир Сариев менен сүйлөшүү жүргүзүп келгени маалым.

Булардын баары мүмкүнчүлүк. Ал эми реалдуу кандай болорун саясатчылар өздөрү да билбей турушат. Анткени бир жума мурун төртөөнүн биригүүсүн элестетүү мүмкүн эмес эле. Эми ал реалдуулукка айланып олтурат.

Ошондуктан шайлоого чейин али көп нерселер болот, көп суулар агат дегендин чындыгы айкындалып турат. Күтө туралы…

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар