Төртиликтин төрт варианты

Саясатчылар Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаевдин бир партияга биригип, бир талапкерди колдоо максаты республиканын саясий чөйрөсүн, өзгөчө президенттикке талапкерлердин тынчын алып, карталарын аңтар-тентер кылууда.

Төрт саясатчынын биригүүсү бир аз кечиксе да, алардын өлкөнүн саясий аренасында олуттуу жана таасирлүү саясий күч катары чыгышына кеңири мүмкүнчүлүк берүүдө. Бирок убакыт аз. Президенттик шайлоо чукулдап калды.

Мына ушундай шартта төртилик кандай багыттарда иш жүргүзө алат?

Учурда алардын төрт вариантта иш жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк бар.

Биринчи вариант боюнча, төртилик өздөрүнүн ичинен бир талапкерди алып чыгып, мына ошону сүрөөнгө алат. Алар мына ушул  вариант менен барса, биринчи кезекте бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековго чоң маселе жаратып (анткени таяна турган электораты бир), шайлоодо экинчи турган чыгууга мүмкүнчүлүк алышат.

Төртиликтин алдында турган калган үч вариант боюнча, алар биринчи эмес, экинчи, үчүнчү позициялар менен канааттануусу керек.

Мына ушул калган үч варианттын биринчиси боюнча төртилик Темир Сариев менен макулдашууга барып, аны сүрөөнгө алат. Бул вариант азырынча көбүрөөк мүмкүн болуучу вариант. Аны ырастагандай Темир Сариев төртилик менен сүйлөшүү жүргүзүп кетти.

Эгерде Орусия Сариевди ачык колдоп, финансы менен камсыздаса, анда бул варианттын мүмкүндүгү дагы көбөймөк. Андай колдоо азыр байкалбагандыктан, чамасы чакталуу экенин сезген Сариев өзү төртиликтин талапкерин колдоп кетиши четке кагылбайт.

Төртилик алдында турган дагы бир вариант-бул Өмүрбек Бабанов менен биригүү. Бабанов ага даяр, бирок өзүнүн шартында. Өзүнүн шарты боюнча Бабанов президент, калганын кийин көрөбүз деген шарт.

Төртиликтин алдындагы төртүнчү вариант-бул бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоо. Бул вариантты ишке ашыруу үчүн Жээнбековдун жакындары жандалбаса кылып жатканы белгилүү. Бирок бийлик менен кескин оппозицияда турган төртиликтин бул вариантка барышы өтө эле кыйын, дээрлик мүмкүн эмес.

Эгерде төртиликтин биригүүсү бир аз эртерээк болгондо катары азыркыдан калыңдап, кайда барарын билбей ыргылжың болуп турган күчтөрдү, саясатчыларды өздөрүнө көбүрөөк  тартышмак.

Ансыз алар жоготууларга учурап жатышкан. Маселен, ошол эле “Өнүгүү” фракциясынын мүчөсү Тазабек Икрамов аттуу эрен бийлик талапкери Сооронбай Жээнбековду ачык колдоп кетти. “Өнүгүүнүн” дагы бир депутаты Абдумажит Юсуров да Жээнбековду жактоодо. “Ата журттун” атынан депутат болгондордун көпчүлүгү Өмүрбек Бабановдун этегине бекем жармашып алганы да маалым.

Төртиликтин бир партияга биригүүсү алардын президенттик шайлоодон кийин келе турган парламенттик шайлоодо да бир болуу максатынан да кабар берет. Эгерде алар кандайдыр бир чатак, келишпестиктерге алдырбай, эриш-аркак иштесе анда парламенттик шайлоодо ийгиликке жетишине толук мумкүнчүлүк бар.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар