Төртилик күчтөрүн топтоштурууда

Ушул жуманын соңуна карай Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев региондорду кыдырууга чыгат. Региондорду кыдыруунун максаты ар бир талапкер ачкан шайлоо штабдарын бириктирүү, аларды координациялоону жолго коюу болмокчу.

Белгилүү болгондой бул төрт саясатчы тең президенттик шайлоого талапкер катары барууну чечкен. Шайлоо штабдарын ачып, тийиштүү даярдыктарды көрүп жатышкан.

Бирок алар  бир партияга биригип, алдыдагы президенттик шайлоодо бир талапкерди колдону чечишкенин 7-августа жарыялашкан. Ошондуктан эми ал штабдардын башын кошуп, координациялоо зарылдыгы пайда болду.

Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев “Ата журт мекенчил” партиясынын, Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү” партиясынын лидери.

Төрт лидер биригип түзө турган партиянын аты азырынча атала элек. Ошондуктан партиянын аты жана эмблемасы үчүн конкурс жарыяланды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар