“Төө бастыга” алынган Россия…

90-жылдардагы оор кризистен кийин бой түзөгөн Россия, Путиндин заманында өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоого батыл киришип калды. Бул өз кезегинде дүйнө жүзүндө өздөрүн кожоюн сезген АКШ баш болгон батыш менен тирешүүлөргө алып келүүдө.

Тирешүү өзгөчө Украина жана Сирия боюнча катуу жүрүп жатат. Андан сырткары АКШ жана Европа Россияны экономика, финансы жана технология жагынан кысымга алып, чөктүрүүгө аракет жасоодо. Кошмо Штаттардын орус ишканаларына салган акыркы санкциялары өзгөчө таасирлүү болуп, Дерипасканын компаниясы быт-чыты чыгып жатканы маалым…

Россияны Сирияда сүрүп чыгаруу үчүн АКШ,Франция жана Британия түрдүү амалдарга барып жатат. Химиялык курал колдонулбаган жерден “бет тырмарлык” кылып, Сирияга абадан соккуларды урганы, Израилге да “каалаганың жасай бер” деген ишаара мына ошондон кабар берет.

Израиль үчүн Сириянын бөлүнүп-жарылып, жок болуп кетүүсү максатка ылайыктуу. Анткени Сирия жок болсо 1967-жылы басып алган Голан дөңсөөлөрүн кайтарып бер деген тарап жок болот.

АКШ жана Европанын ири мамлекеттери болсо Россия таянган Сирия президенти Башар Асадды алсыратуу жана кулатууда “террордук уюмдар”менен кызматташып, аларды куралдандырып, калкалап келатат.Батыш дарегине мындай айыптар Түркия, Россия тараптан көп айтылууда.

Батыш менен тиреште Россия жалгыз болуп калууда. Жакын санаган Беларусь жана Казакстан айрым учурларда жүз үйрүп кетүүдө. Бул Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Россияны колдобой коюшу, АКШга Каспийде транспорттук- логисттикалык коридор ачып берүүсүнөн көрүнүүдө.

Булардын баары Москва менен Астаанын окчундоосун, түшүнбөстүктөрүн күчөтүүдө.  Бул иштерге чейин Кремль Казакстандын латын арибине өтүү аракетине ичинен абдан катуу нааразы болгон эле…

Мына ошентип, сырттан катуу кысымга кабылган, ал эми жакын санаган мамлекеттерден колдоо алалбаган Россия кыйын абалда турат.

Путин төртүнчү президенттик мөөнөтүндө ички саясатка, экономиканы көтөрүүгө басым жасаарын билдирген. Орус армиясын жаңы куралдар менен камсыздоо программасын ийгиликтүү ишке ашырган Путин экономика, технология, билим жана илим жагынан секирик жасай алабы? Бул Россиянын эң чоң жана актуалдуу маселеси болуп турат? Анткени экономикалык жактан алсыз, технология, илим-билим жагынан артта калган мамлекетти “төө бастыга алып”, кайрадан четке сүрүп салуу жеңил эмеспи…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар