Төө-Ашуудагы жолдор качан оңдолот?

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун  16-июнда парламентте билдирүүсүнө караганда, Төө-Ашуудагы жолду оңдоого 80 млн. сом бөлүндү. Оңдоо иштери жүрүп жатат.

Суусамырдын ичиндеги жолдор да бир ай ичинде оңдолот деп Калилов депутаттарды ынандырган.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Суусамырдын ичиндеги бөлүгү эң катуу бузулуп, жүргүнчүлөрдүн, айдоочулардын кескин нааразылыгын жаратып келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар