Токол алам деп тоодой балээге кабылып…

Токол алганын ашкере жарыялаган мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов милицияга улам-улам сурак берип, шаштысы кетип турган убагы. Маалымат каражаттары Чубак ажы 4-декабрда эки жолу сурак берип чыкканын жарыялады. Бишкек шаардык милициясы Чубак ажынын токол алуусу боюнча ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Ал текшерүү Чубак ажынын экинчи аялга үйлөнүп, жеке өзүнүн мыйзам бузуусу, экинчи жагынан анын билдирүүсүндө кыргызстандыктарды экиден үйлөнгүлө деген чакырык барбы деген жагдайлар текшерилүүдө.

Чубак ажынын адвокаты анын өлкөдөн сыртка чыгуусуна чектөө киргизилгенин билдирген. Чубак ажы Казакстанга барып, жүрөгүн дарылоону көздөгөн экен, чек арачылар артка кайтарыптыр.

Чубак ажынын жүрөгү токолуна “сүйүүдөн” улам жабыркап жатат бекен же биринчи аялы салган “жаңжалдан” бекен деген күдүктөнүү гана калып турат…

Же Азиза Абдырасулова баш болгон жарандык активисттер ажынын айласын кетирди бекен?

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар