Тилиңе тибиртке чыккыр Тиллаев…

Жогорку Кеңеште Таабалды Тиллаев деген Бабановдун «куйрук» депутаты бар. Парламентте бюджет жана финансы комитетин жетектейт. Ошол Шамбесай ачылыш керек деп күпүлдөптүр. Шамбесайда Кыргызстан үлүшү нөл экенин, 15 тонна алтындан (40 млрд. сомдун тегереги) беш жыл ичинде айылдык бюджетке болгону 40 млн. сом гана төлөөрү, эң башкысы кен жүз миңдеген адамдар суу ичкен Исфайрам дарыясына, Майдан айлынын тургундарынын үйүнө өтө жакын жайгашканын экенин эске алган эмес.
2-февралда Кадамжай районунун миңдеген тургундары көчөгө чыгып, кендин ачылышына кескин каршылык билдирген. Кадамжай район акими, жергиликтүү бийлик, депутаттар аны көргөн.
Тиллаев деген депутат сымал ал жерге барган эмес. Бара да албайт. Эми коңулдан чыгып, кытайлардын арыгын чаап калыптыр. Бекер болбосо керек?…
А депутаттыкты элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоймун деген ант менен баштаган….

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар