Текебаевге ультиматум…

Абактын бетин ары кылсын. Адам барбай турган жер. Мына ошондой жерге барып калган белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев ден-соолугу начарлап, дарыланууга, текшерилүүгө 31-июлда Улуттук кардиология борборуна алып келинген.

Текшерүүдөн өтүп жүргөн мезгилде Текебаев абактан тезирээк чыгуунун айласын издеп, президент Сооронбай Жээнбековго “Ата Мекен” фракциясындагы депутаттардын бирин жөнөтөт. Ал депутат президенттин кабыл алуусуна жазылып отуруп кирип, Текебаевдин өтүнүчүн айтат.

Акүйдүн кожоюну Жээнбеков депутатты кабыл алууда өкмөт башчы кезинде Жогорку Кеңеште Текебаев менен айтышканын эске алып кеткенби, айтоор, Текебаевди бошотуунун шартын айтат. Ал шартка ылайык “Ата Мекендин” лидери мындан ары саясатка аралашпай, үйүндө ден соолугун чыңдап отуруш керек болот.

“Ата Мекендин” депутаты президенттин ультиматумун лидерине айтып келет. Аны уккан Текебаев чалкасынан кетип, саясат анын жан дүйнөсү, турган-турпаты экенин айтып, саясаттан кете албаймын, андан көрө абакка барып, ал жерден саясий ишмердүүлүгүмдү улантам дейт.

Текебаевдин мындай сөзүнөн кийин дарылуунусу  дароо токтотулуп, дарыгерлердин эскертүүлөрүнө карабай 14-сентярбрда кайрадан №47 колонияга которуп салышты…

Текебаевди абакка салган Атамбаев 17-сентябрда туулган күнүн белгиледи. КСДПнын лөктөрү лидерин ачык куттуктап келүүгө дааган жок. Бирок жашыруун келип “сизден өтөөрү жок” деп,колун өөп кеткендир… Анын үстүнө досу Жээнбеков “Ак шумкарды” көкүрөгүнө качан тагаарын да ишаара кылып койду.

Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Атамбаевга “Ак шумкар” төш белгисин Сооронбай Жээнбеков Тарых музейинин ачылышында тапшырууну макулдашкан.

Атамбаев президент, Жээнбеков өкмөт башчы болуп турган мезгилде жыгач аттары 22 миң евродон, кофе кайнатуучу чайнеги 147 миң  сомго алынып, коррупциянын туу чокусу болгон жерде Атамбаевдин көкүрөгүнө “Ак шумкарды” тагуу “өзгөчө бир көрүнүш” болуп калмакчы…

 

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар