Текебаевдин тарапкерлери ачкачылык башташты..

31-июлдан тарта Өмүрбек Текебаевдин туугандары Алмаз Текебаев жана Айбек Султанкулов, партиялаштары Таттибай Маатисаков жана Нурбай Молдояров ачкачылык акциясын башташты. Алар Өмүрбек Текебаевдин тил сынагынан өтүшүн камсыздоо талабын коюп жатышат. Бул тууралуу “Заноза” сайты кабарлады. 1-августан тарта “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү дагы кошулмакчы.

Өмүрбек Текебаевдин талапкер катары тил сынагынан өтүүсүнө сот уруксат берген эмес.

Бул бийликтин талабы менен жасалып жатканы жашыруун эмес. Бийликтин максаты Текебаевди тил сынагынан өтпөдү деген шылтоо менен БШКда каттатырбай коюш.

Эгерде Текебаев тил сынганын өтсө, анда кол чогултуу жана күрөө төлөө сыяктуу маселелерди жеңил чечип, президенттикке расмий түрдө талапкер болуп калат.

Расмий талапкер болгон жарандын калган талапкерлер менен теңдигин камсыздоо үчүн анын үгүт өнөктүгүн жүргүзүүсүнө да жол берилиш керек болот.

Эгерде Текебаев жана Жапаров үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө чыккан болсо, анда шайлоо өнөктүгү таптакыр башка нукка бурулат. Бийликтин канчалаган былыктары, коррупциялык схемалар ачылат. Анткени абакта жөн жатпаган Текебаев, эркиндикке чыкса эмне кылышты өзү билет эле…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар