Текебаевдин өмүрү коркунучта. Кимдер кызыкдар…

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 14-сентябрда абакка кайра камалган. Ден соолугунун кескин начарлап кетүүсүнө байланыштуу ал 31-июлда Улуттук кардиология борборуна алып келинип,  дарыланууга жаткырылган эле.

Текебаев кайра камалгандан кийин социалдык тармактар аркылуу анын абакта каза болгондугу тууралуу жалган маалымат таратылган. Бул коомчулукта бир топ талаш-тартыш, чочулоолорду жаратты. “Ата Мекендин” өкүлдөрү аны чагым катары баалашты.

Бирок көп өтпөй “Ата Мекен” партиясы өз лидеринин өмүрүнө коркунуч бар экенин билдирип чыкты.

Өмүрбек Текебаевдин өмүрүнө кай тараптан коркунуч болушу ыктымал? Мына ошол жагдайларга көз салып көрсөк:

Албетте, Текебаевдин №1 душманы Атамбаев. Атамбаев үчүн да ал ошондой эле. АША үчүн азыркы кезде Текебаевдин көзүнүн тазаланышы башка максат үчүн пайдалуу болуп турат. Анткени Атамбаев үчүн Текебаев канчалык катуу душман болбосун, анын жанын ачындырган биринчи жоосу Сооронбай Жээнбеков болуп турат.

Ошондуктан Текебаевге жасалган кандайдыр бир чагым аркылуу Жээнбековду дискредитациялап, коомду будуң-чаңга салып, “ылайка сууда балык кармоо” Атамбаев үчүн “бир ок менен эки коенду атканга” тете болуп турат…

АШАдан сырткары Текебаевдин “каза болгондугу” тууралуу жалган маалыматтын чыгышына бийлик да кызыкдар болушу ыктымал. Муну менен алар “саясаттан кет” деген кеңешти укпаганы үчүн Текебаевдин “кулагына күмүш сөйкө” тагып жаткандыр?!.

Албетте, Текебаевге кылмыш дүйнөсүнүн аталыктарынын бири да кастарын тигип калган жайы бар. Алар да психологиялык чабуул жасап, “тагдырың биздин колдо, быякта биз кожоюн” дегендей белги берип жатышы ыктымал.

Негизи, АША доорунда камалган саясий туткундарды Сооронбай Жээнбековдун бошотпой жатышы ( Жээнбеков саясий туткундарга саясий пайдалуулугуна жараша мамиле кылып жатат. Ал өзүнө керектүү болгон үчүн Канат Исаевди бошотту. Исаев Чүйдө Атамбаевдин саясатына тоскоолдук жасоого тийиш дегендей))чооң нааразылыктарды ичке каткан фактор…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар