Текебаев жана Чотонов сотко алып келинди (видео)

Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу соттук териштирүү башталды.

Өмүрбек Текебаев коррупция жана коз боемочулук боюнча айыпталып, февраль айында Манас аба майданында кармалган. Аны кармоого орусиялык ишкер аталган Леонид Маевскийдин пара бергендиги тууралуу көрсөтмөсү себеп болгон. Текебаев менен катарлаш анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов да камакка алынган.

Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевди коррупция боюнча айыптап, ага байланыштуу маалыматтарды жарыялай баштагандан кийин кармалган. Текебаев ага коюлган айыптарды толук четке кагып, күрөшүн улантып келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар