Текебаев тергөө иши менен таанышып чыгууга кошумча эки жума сурады

Текебаевдин сот залынан билдирүүсүнө караганда, анын жана адвокатынын кылмыш иши менен толук жана сапаттуу таанышып чыгууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Тергөөчүлөр кылмыш иши 13-майга чейин сотко өткөрүлүүгө тийиш деп шаштырышкан.

Өмүрбек Текебаев мындай шаштырууну президенттик шайлоонун жакындыгы  менен байланыштырып, анын артында президент Атамбаев турат деген пикирин айтты.

Текебаев кылмыш иши менен таанышып чыгууга эки жума сурады. Бирок сот бейшемби күнгө чейин уруксат берди. Эми сот бейшемби күнү уланат.

“Ата Мекен” партиясы Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн. Эгерде сот чечими эртерээк күчүнө кирип калса, анда Текебаевдин талапкер катары расмий түрдө катталуусуна жол жабылат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар