Текебаев талапкерлигин көрсөттү. Катталат, катталбайт…

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын эки жараны президенттикке өзүнүн талапкерлигин көрсөткөнүн жекшемби күнү кабарлады. Алар “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана  жоопкерчилиги чектелген “Лига-Антикризис” уюмунун жетекчиси Назарбек Нышанов.

Өмүрбек Текебаев учурда УКМКанын тергөө абагында жатат. Ал 26-февралда чет өлкөдөн кайтып келатканда Манас аба майданында кармалып, коррупция жана алдамчылык боюнча айыптар коюлган. Учурда Текебаев жана Чотоновдун үстүнөн соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда жүрүп жатат.

Соттун өкүмү Кыргызстанда экинчи инстанциядан кийин кирет. Башкача айтканда, Биринчи май райондук соту чечим кабыл алып, анын чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган учурда гана күчүнө кирип, айыпталган адам жаза өтөө жайына жөнөтүлөт.

Бийлик Текебаевге өкүмдү эртерээк чыгарууга жан үрөгөн кезде да сот процедураларын аткарууга бир-эки ай кетип калат. Анткени Текебаев, Чотоновдун иши учурда биринчи инстанцияда гана каралып жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев Өмүрбек Текебаев тергөө абагында жатып талапкерлигин көрсөткөндөн кийин пайда болгон укуктук маселени Борбордук шайлоо комиссиясы чечүүгө тийиш дейт. Ошол эле учурда 2008-жылы талапкер болуп катталган Ишенбай Кадырбековду абактан чыгарбай койгон прецендентти Сариев эске салды.

БШКнын ал кездеги төрайымы Клара Кабилова Кадырбековдун талакерлигин каттоого алуу менен Максим Бакиевдин каарына калып, соңунда Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз болгон. Азыр эми БШК кандай чечим кабыл аларын айтуу кыйын, деп белгиледи Акылбек Сариев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы төрайымы Нуржан Шайылдабекова Текебаев талапкерлигин көрсөтсө, ал кандай катталарын, катталган күндө да анын тергөө абагынан чыгуусу кандай чечилерин билбесин моюнга алган…

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар