Текебаев сотунда Леонид Маевский көрсөтмө берди

29-июнда, Бишкектин Биринчи май           райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулунун төрагалыгы астында Текебаев жана Чотоновго байланыштуу соттук жараян уланды.

Анда Текебаевге 1 млн. доллар бердим деп сотко арыз менен кайрылган Леонид Маевский көрсөтмө берди. Маевскийдин айтымында, Мегаком компаниясын сатып алуу үчүн аны Алексей Модин Кыргызстанга чакырган. Анын чакыруусу менен Бишкекке келип Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен таанышкан. Жалпысынан аларга Кыргызстандын уюлдук базарына кирүү үчүн 1 млн. доллар бергенмин деген Маевский. Бирок ушунча акчаны тил катсыз кантип бердиң деген суроого, “кагаздар бар болчу, кеңсемди суу каптап, баары жоголуп кетти” деп жооп берген…

Өмүрбек Текебаев өз кезегинде Маевскийден эч кандай акча албаганын, бирок аны менен 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында эки жолу жолугушканын билдирди. Жолугушуу максаты Орусия саясатчылары менен байланыш түзүү болгон. Маевский орус саясатчылары менен жолугуштуруу милдетин алган. (интернет булактар)

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар