Текебаев-Мадумаров дебаты-баарына мезгил тараза…

2010-жылы Кыргызстанда парламенттик бийлик системасын түзөбүз деген пикир үстөмдүк кылып, азыркы бийлик системасы түзүлгөн. Бирок парламенттик башкаруу системасын түзүү аракети Орусиянын мурунку премьер-министри маркум Виктор Черномырдин айткандай “Хотели как лучше, а получилось как всегда” дегендей абалга алып келди.

Президент бардык бийлик бутактарын алдына салып айдап алды.

Өкмөт мурункудай эле садагага чабылчу “сары улакка” айланды. Алсыз, эч нерсени чече албаган өкмөт ооруканалардагы “чарбакер кемпирдин” кейпин кийди.

Мына ушундан улам парламенттик системанын натыйжалуулугуна күмөн санагандар көбөйүп баратат.

Маселен, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов таза парламенттик же таза президентик бийлик системасына өтүүнү жактады.

“Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 27-июлда партиясынын курултайында “коалициялык өкмөт түзүү максатына жетпей калды” деп, кийинчерээк бул оюн өнүктүрдү. Ал Кыргызстанга президенттик башкаруу максатка ылайыктуу деди.

Ыңкылаптар “бульдозеру” аталган Азимбек Бекназаров да парламенттик системадан күмөнсүнүп, кандай бийлик системасы керектигин калк аныкташ керек деп келатат.

Демократ саясатчы Эдил Байсалов азыркыдай шартта президенттик башкаруу Кыргызстанга ылайыктуу болорун билдирген.

Кыргызстанда коомчулук эле эмес, саясий элита да президенттик башкарууга ыктай баштаганда 2015-жылдагы Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровдун дебаттагы айтылуу айтышы эске келет:

Президенттикке аттангандар ичинен Темир Сариев, Акматбек Келдибеков, Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков системаны өзгөртүү жөнүндө кеп кылбай келатат. Кыязы аларды азыркы бийлик системасы канааттандырат.

Кыргызстанга президенттик башкаруу туура болорун “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаров 2010-жылы эле айткан. Эгерде алдыдагы дебаттарда бийлик системасы боюнча суроо болуп калса, Өмүрбек Текебаевдей  “парламенттик системаны жактабай көгөргөн бойдон жалгыз сиз калдыңыз” деп Мадумаровду эч ким айыптабаса керек. Анткени өкмөттү түз өзү башкарган күчтүү президент, президенттин бийлигин тең салмактаган күчтүү  парламенти бар система натыйжалуу болорун түшүнгөндөр арбып баратат.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар