Текебаев, Чотоновдун соту жүрүп жатат

Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап жатат. Соттун биринчи отуруму 5-июнда өтүп, анда Текебаев материалдар менен толугураак таанышуу үчүн эки жума убакыт сураган эле. Бирок сот 8-июнга чейин гана убакыт берген.

Өмүрбек Текебаев февраль айында Манас аба майданында кармалган. Ага орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин пара бергенмин деген көрсөтмөсүнүн негизинде кылмыш иши ачылып, өзү кармалган.

Текебаев президент Атамбаев жана анын жакын жөкөрлөрүнүн корупциялык иштеринин бетин ачып, анын үстүнөн дагы тереңдеп иштеп жатканда камакка алынган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар