ТЭК тек турууну чечти

Азимбек Бекназаров башында турган Туруктуу элдике кеңеш   билдирүү таратты. Анда ТЭК  өлкө үчүн  коомдук- саясий мааниси зор окуя болгон Президенттик шайлоонун  тынч   өтүшү менен  жалпы Кыргызстандын элин куттуктайт жана  шайлоонун жыйынтыгын тааныйт.

Шайлоонун тынч  өткөнүнө байланыштуу  кырдаалды курчутпоо максатында мурда жарыяланган 2017 – жылдын  17 – октябрь күнүнө белгиленген Бишкек шаарынын М. Горький  паркында өтө турган Элдик Курултай кийинки белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгын кабарлайт.

Биз, улуттук – мекенчил күчтөрдүн биримдигинин алдында түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеӊеш мындан ары да  улуттук мамлекет куруу, улуттук кайра жаралуу жана Элдик курултай институтун  коомдук- саясый системага  бийлик бутактарын  көзөмөлдөөчү жана багыттоочу орган катары киргизүү үчүн иш аракетибизди  жигердүү уланта берерибизди билдиребиз.

 

Туруктуу Элдик Кенеш- ТЭК

Бишкек ш.16.10.17

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар