ТЭК президентке жана элге кайрылуу жасады

 

Анда “Ата Журт” партиясынын курултайында А.Бекназаровдун сүйлөгөн сөзү улут аралык кастыкты козгогон же козгобогонун иликтей баштаган УКМК башчысына чара көрүү талабы коюлган. Кайрылуунун толук текстин сунуштайбыз:

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаевге,

Кыргыз Республикасынын жалпы элине

“Кыргыз улуттук мекенчил күчтѳрү”

бирикмесинин туруктуу Элдик  Кеңешинен

 

Кайрылуу

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Президент!

Кыргызстандын мекенчил күчтѳрү колдоого алып,  Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары Бекназаров Азимбек ѳз арызын берери менен (2017-ж 17.07.) ага карата чабуул башталды. Кеп Бекназаровдо эмес, ал мындай чабуул, ушак-айыңга эчак бышкан, баарына жооп бере алат. Кеп башкада, кеп анын платформасында болуп жатат. 2017-жылдын 18-июлунда Кыргыз улуттук филармониясында ѳткѳн “Ата-Журт” патриясынын курултайында сүйлѳгѳн А. Бекназаровдун сѳзүнѳ соцтармактардын жалаң орус тилдүү колдонуучулары, Ирина Карамушкина сыяктуу мамлекеттик тилди түшүнмѳк тургай, билгиси келбеген жарандардын Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Россиянын элчилигине чейин чуу кѳтѳрүп, атайын филологиялык экспертиза дайындатып, юридикалык баа берели деп жатканында болуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты катары мамлекеттик тилди билбеген, кыргыз элинин динине чейин шек келтирген Карамушкина айымдын Бекназаровдун жеке айткан ой-пикири менен эмне иши бар?

Азимбек Бекназаровдун сѳзүнѳ баа берүү үчүн ошол Бекназаров сүйлѳгѳн сѳздү    Карамушкина түшүнѳбү? Ага дароо реакция кылган УКМК, анын жетекчиси А. Сегизбаев ушунча жылдан бери Карамушкинага окшогондордун кыргыздарды шылдыңдап сүйлѳгѳн сѳздѳрүнѳ, аракеттерине баа берди беле? Реакция кылды беле? Деги УКМК кайсы мамлекетке кызмат кылат? Ошол курултайга катышкан бир да кыргыз тилдүү, кыргызчаны түшүнгѳндѳр кыргызча сүйлѳгѳн А. Бекназаровдун сѳзүнѳ реакция кылган жок. Анткени ал айткан А. Келдибеков менен К. Ташиев таза кыргыз экени жалганбы? Дүйнѳ жүзүндѳгү бүт кыргыздардын үйү Кыргызстан экени жалганбы? А. Бекназаров ѳз сѳзүндѳ бир дагы башка улуттун ѳкүлүнѳ же улут жѳнүндѳ сүйлѳгѳн жок. Анда Карамушкина айым эмнеге чычалайт? А. Келдибеков менен К. Ташиев чычаласа жарашат эле. А. Бекназаров айткандай Акаевдин куруп түзүп кеткен “общий домуна” урматтуу Президент, сиз Бекназаров экѳѳңѳр баш болуп каршы чыкпадыңар беле? Бекназаров кѳп улуттуу Кыргызстандын жалпы элинин үйү боло турган нукура элдик демократия орногон укуктук мамлекет куруу планы, Акаевдин “общий домунун” ордуна орнотобуз дегени кылмышпы? А. Сегизбаев же И. Карамушкина, аларды колдогон соцтармактарда олтургандар буга каршы болсо А. Бекназаровго каршы добуш беришсин. Бирок биз Акаев куруп кеткен “общий домдогу” 3-сортко айланып, ѳз жерибизге, байлыгыбызга, бийлик саясатыбызга, тарых-маданиятыбызга толук кандуу ээ боло албай жаткан улуттук мекенчил күчтѳр, А. Бекназаров ѳзү айткан азыр талаада чѳп чаап же помидор, клубника, малина, картошка ѳстүрүп жүрүшкѳндѳр, анын электораты анын платформасын толук колдойбуз. 26 жылдан бери Акаевдин “общий домунун” ордуна Кыргызстандын ар бир жараны Кыргызстан деген үйдүн толук кандуу ээси экенин сезип, билип жашаган үй керек, ал биринчи кезекте бизге кыргыздарга керек , мунун эмнеси кылмыш? Урматтуу Президент, биз сизден катуу талап кылабыз, Акаевдин “общий домунда” чоңоюшкан, элдин байлыгын уурдашып байып алышкан, эми аны дагы сактагысы келип, шылтоо таап, чуу салып жаткан А. Сегизбаев, И. Карамушкинага окшогондорго чара кѳрүңүз.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар