Тажикстанда КМШ өкмөт башчылары жыйын курат

2018-жылы 31-майда Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт.

Азырынча КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация катышары белгилүү болду.

Отурумда КМШ алкагында экономикалык карым-катнаштын актуалдуу аспекттери, эркин соода жүгүртүүнүн келечеги жана башка маселелер талкууланат.

Жыйындын соңунда Шериктештик аймагында көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө боюнча бир катар чечимдерди кабыл алуу пландалууда.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар