Тажикстанда интернетке мамлекеттик монополия киргизилди

Мамлекеттик «Тажиктелеком» интернет-провайдери өлкөдөгү башка провайдерлерге жана уюлдук компанияларга интернет саткан жалгыз мекеме болуп калды. Буга чейин провайдерлер интернетти кайсыл жактан сатып алууну өзүлөрү чечип келишкен.

Мамлекеттик интернет-провайдердин жетекчилиги эч кандай мыйзам бузулбаганын, болгону мекеме «Бирдиктүү коммутациялык байланыш борборун түзүү жөнүндөгү» өкмөттүн токтомунун негизинде иш алып барып жаткандыгын билдирүүдө. Эми өлкөдөгү бардык трафик мамлекеттик «Тажиктелеком» ишканасы аркылуу өтүшү керек болот.

Тажик бийлиги улуттук коопсуздукту камсыздоо, терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү максатында Бирдиктүү коммутациялык байланыш борборун түзүү чечимин 2016-жылдын аягында кабыл алган. Ага бюджеттен 50 млн доллар жумшалып, өкмөт менен атайын кызматка өлкөдөгү бардык байланыш түрлөрүн көзөмөлдөө боюнча болуп көрбөгөндөй укук берилген. Эми атайын кызматтагылар бардык сүйлөшүүлөрдү тыңшап, интернет-трафикти көзөмөлдөп, каалаган компания менен жеке колдонуучулардын интернетин өчүрө алышат.

Тажикстандын уюлдук байланыш компанияларынын жетекчилери бул чечимдин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылышты. Алардын пикиринде, Бирдиктүү коммутациялык байланыш борбору трафикти көзөмөлдөө үчүн керек, бирок бул Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөнүн бийлиги интернетке монополия орното алат дегенди билдирбейт.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Тажикстанды «кызыл аймакка», тагыраагы басма сөз жана интернет эркиндиги канааттандыраарлык эмес болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргизди.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар