Тажикстанда электр кубаты үчүн акынын көбөйүшүнө нааразы

Душанбе шаарынын жашоочулары декабрь айы үчүн электр кубатынын акысы адаттагыдан өтө көп чыгып келгенине нааразы болушууда.

Шаар тургандары мунун себебин билүү үчүн калкты электр кубаты менен камсыздаган түйүнгө кайрылышкан. Бирок мекемеден буга чейинки айларда электр кубатынын чыгымдары туура эмес эсептелгенин айтышып, карыздарды төлөө милдеттүү экенин эскертишкен.

Бул арада социалдык түйүндөрдө электр кубатынын эсебине байланыштуу нааразы болгондор көбөйдү. Алардын айрымдары электр эсептегичтерди текшерип чыгууну талап кылышууда.

Бирок калкты электр кубаты менен камсыздоо мекемесинен жарандардын нааразычылыгына негиз жок дешүүдө. Шохмансур районунун көзөмөлчүсү Шамсулло Гулмуродов муну октябрда электр кубатынын тарифинин 15% кымбаттоосу жана акыркы эки айдагы суроо-талаптын жогорулоосу менен түшүндүрдү.

Дүйнөлүк Банк Тажикстанга электр кубатынын наркын жылына эки жолу 20% көбөйтүү кеңешин берген. Банк менен тажик өкмөтү энергетикалык тармактагы рентабелдүүлүктү жогорулатуу меморандумуна 2006-жылы кол коюшкан.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар