Тажикстанда биринчи жолу “Искандерлер” атылат

Бул күндөрү Тажикстанда КМШнын Антитеррордук борборунун машыгуулары өтүп жатат. Анын алкагында 1-июнда биринчи жолу “Искандер-М” оперативдик-тактикалык ракеталары атыларын Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги кабарлады. “Душанбе-Антитеррор-2017” машыгууларына Искандер ракеталары Орусиядан алып келинген. Бул ракеталар 500 чакырым аралыкка чейинки буталарды жок кыла алат.

 

Машыгууларга Орусия 2 миң аскер, 300 техника, анын 30 учак жана тик учак жөнөткөн.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар