Татарстанда автобус кырсыгында каза болгондор саны 13кө жетти

Татарстандын Өзгөчө кырдаалдар мекемеси маалымдагандай, автокырсык 1-июлдан 2-июлга караган түнү болгон. Заинск шаарына жакын жерде “Неоплан” автобусу Камаз менен кагылышып, күйүп кеткен. Кырсыктан 10 киши каза болуп,12 киши ооруканага жеткирилген. Алардын бешөөсүнүн абалы оор экенин орус маалымат каражаттары кабарлады. Акыркы маалыматтар боюнча дагы үч киши көз жумуп, өлгөндөрдүн жалпы саны 13кө жеттти.

Автобус “Самара-Ижевск” каттамы боюнча баратканда кырсыктаган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар