Ташкенге талап кое алышабы?

Бишкек-Ош жолунда кыймыл аябай көп. Жеңил автоунаалардан сырткары бүт жүктөр, күйүүчү майлар оор автоунаалар менен ташылат.

Жолдогу кыймылдын көптүгүна жараша жол кырсыктары да көбөйүп, канчалаган адамдар, балдар өмүрүнөн ажырап, андан көбү өмүр бою майып болуп калып жатышат.

Оор жүк, күйүүчү май ташыган автоунаалардан жол тез талкаланып баратат.

Ар жерлерге коюлган жол таразалары коррупционерлердин чөнтөгүн гана толтуруп жатат. Жүк ташыган автоунаалардын айдоочулары менен сүйлөшүп көрсөң, ар бир таразага канча акча берип өткөнүн айтып беришет…

Кыргызстан менен Өзбекстан мамилеси нормалдашты. Кыргызстан Ташкен-Анжиян-Ош-Эркечтам каттамын ачып берди. Атайын тийиштүү келишимге кол коюлду.

Өзбекстанга Кытайга жол ачып жатканда кыргыз бийлиги Өзбекстан аркылуу темир жолдун ачылышын талап кылыш керек эле. Эгерде  күйүүчү май, оор жүктөр автоунаа эмес, поезд менен ташылса жол кырсыктары да азайып, жолдор да сакталмак.

Кактус медианын кабарлоосуна караганда,  13-январда Бишкек-Ош жолунун 253 чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа менен жеңил машина кагылышып, андан 4 киши өлүп, дагы үчөө жаракат алган.

Күйүүчү май төгүлүп, экологияга зыян келтирген. Мындай кырсыктар тынымсыз кайталанып жатат. Ал ондогон адамдардын өмүрүн алып, жүздөгөн тонна күйүүчү май жер-сууга төгүлүп, экологияга орду толгус зыян алып келүүдө.

Ошондуктан күйүүчү майларды поезд менен ташууга өткөрүү зарыл. Ал арзан да болуп, жол кырсыгын да азайтат эле…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар