Ташкенден Ысык-Көлгө Боинг уча баштады

Ташкенден 190 турист менен келген Боинг-757-231 учагы 4-июлда Тамчыдагы аба майданга конгонун Борбор Азия жаңылык кызматы кабарлады. Туристтерди жергиликтүү туристтик компания, пансионаттардын өкүлдөрү жылуу-жумшак тосуп алышты.

Ташкен-Тамчы-Ташкен каттамы боюнча учак  август айынын аягына чейин учуп турат. Бул каттамдын ачылышы Өзбекстанда жаңы президент Шавкат Мирзиеевдун саясаты менен байланыштырылууда.

Маркум Ислам Каримов тушунда Кыргызстан менен Өзбекстан мамилеси чыңалып, Кыргызстан Ысык-Көлдөгү Өзбекстанга таандык делген эс алуу жайларын мамлекетке кайтарып алган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар