Ташкенде эл көчөгө чыкты

Өзбек маалымат каражаттарынын дүйшөмбү күндөгү кабарлоосуна караганда, 4-июнда Ташкендеги “Достук” паркында акция болуп, ага чыккан ондогон адамдар 17 жаштагы студент Жасур Ибрагимовдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын коюшту.

Ташкен милициясы акцияга чыккан эл менен жолугушуп, тергөө жүрүп жатканын билдирген. Акциянын катышуучулары Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевго кайрылуу да кабыл алышты.

Студент Жасур Ибрагимов май айынын башында теңтуш балдар тарабынан сабалган. Ал бир нече операция болуп, бирок жарык дүйнө менен коштошкон. Жаштар ортосундагы жаңжалга кыз себеп болгону айтылууда.

Ташкенде кандайдыр бир себеп менен ачык акцияга чыгуу сейрек көрүнүш. Ошондуктан бул акцияга көп көңүл бурулууда.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар