Тарыхтын дөңгөлөгү тегеренип баштады же ажо С. Жээнбеков тууралуу эки ооз кеп

Жаңы ажо Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында коррупцияга тиш салышы анын буга чейин коомчулукка анча байкала бербеген чыныгы мүнөзүн, анын ким экендигин ачыкка алып чыкты. Ал киши кандай шарттарда, учурларда болбосун адилеттикти ар дайым карманган адам экендигин көргөзө алды. Буга чейин коомчулук ал кишинин мындай кадамдарга барат деп күткөн эмес.  Экинчи кадам кандай болоорун күтүп атышат.

Кечээги КСДПнын курултайынан кийин Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтылган сөздөр кимдерге канчалык оор тийгендиги да айкын болду. Ал турсун экс ажо Атамбаевдин сөзү менен ачыкка чыкты. Мындан кийин коррупция менен күрөшүү жаңы президент С. Жээнбеков үчүн канчалык түйшүк алып келери айтпаса да түшүнүктүү болуп калды.

Бирок, коомчулук үмүт үзгөнгө болбойт.  Коррупция болобу же бир реформаларды ишке ашырууда коомчулуктун колдоосу сөссүз керек. Ансыз  ири реформаларды жасоо мүмкүн эмес. Өзгөчө Кыргызстан өңдүү 28 жылдык тарыхы бар коррупцияга белчесинен баткен мамлекетте “жети баштуу” желмогуздарды бир заматта тыптыйпыл кылып салуу мүмкүн эмес.  Элдин колдоосун С. Жээнбеков деле сезип жатса керек. Коомубузда алдыга жылууга мезгил бышып жетилип турат. С. Жээнбековдун тарыхта калганга мүмкүнчүлүгү зор болуп турат.

Ошол эле учурда досу экс президент АША “колу, бутун байлап туруп алып келиптир” деген сөздөр арбын айтылып жатат. Чынында С. Жээнбеков буга чейин кандай кана мамлекеттик кызматтарда иштебесин ал деле бизге окшош карайым мамлекет үчүн күйгөн, патриот инсан болчу. Бир тууган Өзбек элинин президентти деле премьерлик кызматта жүргөндө байкалбаган менен азыр кандай гана реформаларды жасап жатат? Ошол сыяктуу абал бул кишиде деле болуп келгенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Өзбекстан менен болгон мамиленин жакшырышы да абдан зор мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылууда. Өзбек ажосу Мирзоев менен С. Жээнбековдун тактыга бирдей келип калышын да Борбордук Азия мамлекеттеринде алдыга карай  кандайдыр өзгөрүүлөрдүн башталышы катары кабыл алсак болот.

Мына, саясый абалы тоталитардык болгон Өзбекстан мамлекетинин экономикасы бизден бир канча эсе жогору турат. Биз демократиялык процесстер жагынан алдыга кеткен менен экономикабыз эшек минген абалда турат.

Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырууда абдан чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Туризм, айыл чарба, жеңил өнөр жай жана башка тармактарда кичи, орто бизнесте болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратууга болот. Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттердин ичине кирген өлкөлөрдүн ичинен экономикалык жагынан алдыга кеткенге мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин бир кемчилигибиз буга чейинки президенттер экономикага көңүл бурушкан жок да. Өңчөй саясат менен эле алектенип келишти. Азыркы ажо С. Жээнбековдун айырмачылыгы чылгый саясатчылдыгы жок. Экономикага жакын, чарбачылдыгы.

Казакстандын кайсы бир министри буга чейин мечиттерди жакшы эле курдук, эми мектептерди куралы дегендей, бизде жакшы эле демократияны курдук, эми экономикабызды көтөрбөсөк болбойт. Мисалга алсак, Израил мамлекети 20 жылдын ичинде Иерусалимге көп кабатуу үйлөрдү куруу жагынан Нью Йорк шаарына теңеп салышты.

Тиги түштүк чыгыш Малайзия, Индонезия, Коррея, Сингапур мамлекеттеринин өнүп — өсүүсү асмандан жамгыр болуп жааган жок. Болгону өздөрүндөгү адам жана башка ресурстарды туура пайдалана алды.  Мындай мисалдарды келтире берсек толтура. Сырткы инвесторлорду тартканды айтпаганда да  биздин ички инвесторлор Россиянын экономикасына ири салым кошуп жатышат. Жакында эле Россиядан кыргызстанда катталган ишкерлер ири соода үйүн жарым млр. долларга сатып алышты. Президент болом деген Бабановдун заводу Россияда иштеп жатат. Өзү да ал мамлекеттин экономикасына салым кошуп, ал жакта качып жүрөт. Мындан башка каражаттуу бизнесмен мигрант кыргыздар канчалап сыртта иштеп жатышат.

Элибизде тарых кайталанат деп бекеринен айтылбаса керек.   Мындан туура 28 жыл мурда Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын уюштуруу жыйыны Кыргыз драм театрында өтүп,  бир кесиптешимдин айтканы азыр да эсимде. “Тарыхтын дөңгөлөгү тегеренип баштады. Эми кимдер болбосун тарыхтын дөңгөлөгүнө каршы чыгышса, дөңгөлөктүн тебелендисинде калат” – деп, Коммунисттик боссторду чоочутуп, ошол учурду таамай сүрөттөгөн эле. Андан соң  Кыргызстан мамлекетибиз эгемендүүлүгүн алган. Бир топ коммунисттер тарыхтын дөңгөлөгүгү тепсендисинде калышкан. Ал учурду эстеп жатканымдын себеби, кайрадан 28 жыл өтүп, кыргыз тарыхынын дөңгөлөгү тегеренип, коомчулукта жандануу, турмушка болгон дилгирленүү пайда болгондой сезилет.

Кандай айткан күндө да президент С. Жээнбековго иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Элибиз да жаңы президенттен үмүт артып отурушат. Инсан катары эле эмес  чарбага, экономикага жакындыгы менен буга чейинки президенттерден айырмаланып турат. Албетте, бул ачуу чындык

Назаркул Жоошбаев журналист

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар