Талкаланган Төө-Ашуу жолу оңдолобу?

Транспорт жана коммуникация министрлиги “Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы бөлүгүндө оюк-тешиктерди бүтөө, жамоо иштери журүп жатканын 3-июлда маалымдады. Ашуунун түштүк тарабында 12 чакырым жол оңдолуш керек болсо, анын 1 чакырымы жасалды.  Оңдоо иштерине 40 адам тартылып, иш күндүз жүргүзүлүүдө. Республикалык бюджеттен ага 80 млн. сом бөлүнгөн.

“Бишкек-Ош” жолунун Төө-Ашуудагы бөлүктөрү абдан бузулуп кеткен. Автоунаалар саатына 20-30 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө аргасыз. Дөңгөлөктөрү жарылып, автоуунасы бузулган жүргүнчүлөрдү жол ката көрүүгө болот.

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар