Таластыктар таарынычтан талапка өттү (видео)

29-октябрда Таласта президент Атамбаевдин сөздөрүнө нааразы болгон жергиликтүү калктын митингиси болду. Анын катышуучулары президент Атамбаев “президенттик шайлоодо бийлик талапкерине добуш бербегендерди Абыке-Көбөштүн тукумдары” деп элди бөлүп жатат деп кескин нааразылыктарын билдиришти. Айрым маалыматтар боюнча, 500дүн тегерегинде адам катышты жана митингдин соңунда чечим кабыл алынды.

Ал чечим төрт пункттан турат. Анын биринчи сабына 2-ноябрга чейин президент Атамбаевдин элден кечирим суроо талабы коюлду.

Экинчи болуп, кыргыз-казак чек арасын ачуу талабы коюлду. Үчүнчү талап катары Кыргызстандын Бажы тармагындагы коррупцияны тыю, Казакстан өкмөт башчысы айткан маалыматтарды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүү талап кылынды.

Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Еревандагы Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында Кыргызстан менен Кытайдын статистикалык кызматтарынын эки өлкөнүн соодасынын көлөмү боюнча чоң айырмачылыктарын атаган эле. Маселен, Кытай статистикасы боюнча 2015-жылы Кытайдын Кыргызстанга экспорту 4.3 млрд. доллар болсо, Кыргызстандыкы боюнча 1 млрд. доллар гана болгон. Ортодогу айырма 3.3 млрд. доллар.

29-октябрдагы Таластагы митингдин катышуучулары бул талаптардын көзөмөлдөө үчүн 3-ноябрда кайрадан митинг өткөрүүнү белгилешти. Алар бул күнү 29-октябрдагыга караганда уюштуруу иштерин мыкты жүргүзүп, митингиге мүмкүн болушунча көбүрөөк эл топтоону макулдашты.

Борбордук бийлик тарабынан Таластан чыгып жаткан талаптарга жооп боло элек. Ал эми өкмөтчүл саясатчылар жана адамдар президенттин сөзүн туура эмес түшүнүп алышкан деген жоопторду айтууда.

Талас митингисине Өмүрбек Бабанов жана анын партиясынын өкүлдөрү катышкан жок. Митингде белгилүү инсандардан Бабырбек Жээнбеков жана мындан бир нече күн Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн аксакалдар болгону байкалды.

There are 2 comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар