Таластыктар менен А.Атамбаевдин тирешүүсү татаалдашууда

Талас облусунун тургундары менен президент Атамбаевдин кайым айтышуусу жана келишпестиги ачык тирешүүгө багыт алганы байкалууда. Бул 26-октябрда Таластан келген аксакалдардын маалымат жыйынында өзгөчө айкын болду.

Аксакалдардын бири Бабырбек Жээнбековдун айтымында, алар президент Атамбаевге Талас облусунун элинен кечирим суроого бир жума убакыт берет. Эгерде кечирим суралбаса, анда мыйзам чегиндеги башка аракеттер башталат.

Таластан келген аксакалдар Атамбаевдин Таласта активдер менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүнө өзгөчө таарынууда. 26-октябрда маалымат жыйынында сүйлөгөн аксакалдын айтымында, Атамбаевдин андагы сөзүнө элдин жаны кейип, түтөп отурат:

Президент тараптан Таластан келген аксакалдардын маалымат жыйынында айтылган бул сөздөргө жооп бериле элек.

Бирок бийлик Таласта катуу калпыстык кетирип алганын алдырттан туюп, алардын таарынычын жазуу үчүн Дастан Жумабековго парламент төрагалыгын, Дайыр Кенекеевге вице-премьер-министрликти ыроолоп жиберди.

Бирок катуу капаланган Талас аксакалдары Атамбаевдин кечирим сурашын талап кылууда.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар