Талас митингиси эмнени көрсөттү?

Президенттик шайлоодон кийин Таласта үч жолу митинг болду. Биринчи митинг президенттик шайлоодон кийин 16-октябрда болду. Анда Бабановдун бир нече жүз тарапкери “таза шайлоо” талабын көтөрүшкөн эле

Андан кийин 29-октябрда жана 3-ноябрда эки митинг болду. Бул митингдердин баарын стихиялуу түрдөгү митинг дегенге болот. Анткени аларды уюштуруп, финансылаган, башында турган саясий лидер же саясий күч болбоду.

29-ноябрдагы митингиге республикага белгилүү анча-мынча инсандар катышса, 3-ноябрдагы митингини жаш лидерлер Төрөхан Жунусбаев, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза ары-бери жетектеди.  Эки митинг тең президент Атамбаевге таарыныч иретинде уюшулуп, андан кечирим суроо талабы коюлду.  Таластыктар Атамбаевдин алардын айрымдарын Абыке-Көбөштүн уулу дегение жана нааразылар Казакстанга кошулуп кеткиле дегенине кескин нааразы болуп жатышат.

Президенттик аппараттын башчысы Алмазбек Үсөнов президент Атамбаев таластыктардан эч кандай кечирим сурабасын дагы бир кайталады.

Митингчилер кандайдыр бир натыйжага жетүү максатында 9-ноябрга Бишкекте курултай уюштурууну белгилешти.

Курултай уюштуруучулар президент Атамбаевдин кечирим сурашын эле талап кылып жаткандыктан, бийликке нааразы башка тараптардын алардын иш чарасына катышуусуна себеп болбой турат. Бул бийлик үчүн оңдой берди болууда. Анткени бытыраган нааразы тараптарды ого бетер бытыратып, талкалоо бийлик үчүн жеңил.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар