Талапкерлерге компроматтар…

Күзгү президенттик шайлоого талапкер катары катышууну көздөгөндөр саны 18-июлга карай 30га жетти. Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин созула тургандыктан алардын катары дагы калыңдашы күтүлөт. Бирок негизги талапкерлер белгилүү болуп калды. Алар Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров.  Аттанып катталып калса Акматбек Келдибеков, Чыныбай Турсунбеков да оңой жоо болбойт.

Негизги күрөш ушул талапкерлер ортосунда жүрөт. Ошондуктан, алардын ортосунда кандай компроматтык согуштар болушу мүмкүн деген суроо жаралат? Мына ошого көңүл буруп көрсөк.

 

Сооронбай Жээнбеков

 

Бүтүндөй административдик ресурс артында турган Сооронбай Жээнбеков фаворит катары аталууда. 58 жаштагы Жээнбеков Кара-Кулжа районунан чыккан. Өткөн жылдан бери өкмөт башчы болуп иштеп келатат. Ага чейин, 2010-жылдан бери Ош облусунун губернатору болуп келген.

Республикадагы эң чоң облустардын бирин башкарган кезде Жээнбеков эч кандай демилгеси менен байкалган эмес, “өгүз өлбө, араба сынба” же “солдат спит служба идет” дегендей тейде жүрүп отурган.

Өкмөт башына келгени да ошол көрүнүш. Бирок бул кызматта амплуа башка, маалыматтык чөйрө жана масштаб башка болгондуктан ары-бери чапкылагандай болгону, ар бир кадамы телеканал, башка мамлекеттик маалымат каражаттарынан көрсөтүлүп, кааласаң-каалабасаң да эл оозуна алынууда. Ага мисал “эй, чык эшике!” деген сөзүнүн жайылышы…

Экономикадагы алты ай ичинде 6% өсүш Жээнбековдун жетишкендиги катары көрсөтүлүүдө. Чындыгында Кумтөрдү кошпогондо өсүш 3.1% эле. Эгемендүүлүк доорунан бери келаткан 3-4% өлбө-талба өсүш экономикалык секирик жасаш үчүн тап-такыр жетишсиз экенин экономисттер белгилеп келатышат.

Жээнбеков алсыз, харизмасыз талапкер, өзүнүн саясий көз карашы белгисиз. Ал бийликке келсе бир туугандары башкарып калат, Асылбек Жээнбеков Жаныш Бакиевге айланат деген чочулоолор айтылууда.  Андан сырткары Жээнбековдордун “Таблиги жамааттын” лидери, муфтий Максат ажы Токтомушевге жакындыгы, бир тууганы Жусупбек Жээнбековдун “Мусулман агаиндар”, Салафия сыяктуу агымдарды колдогон Катар жана башка араб өлкөлөрүндө  байланыштары да компромат катары коюлуп жатат…

Жээнбековго бийликтин, Атамбаевдин колдоосу да тескери роль ойношу мүмкүн. Жээнбеков “элдин кулу болууга даярмы” дегенде, “жок сен, элдин кулу эмессиң, Атамбаевдин кулусуң” деген социалдык тармактардагы какшыктар мына ошондон кабар берет.

 

Өмүрбек Бабанов

 

Акчалуу, шайлоо тактикасын эң мыкты өздөштүргөн Өмүрбек Бабанов күчтүү талапкерлерден. Анын алсыз жери оор салмактуу саясатчылардын ишениминен чыгып калганы. Аны “кидальщик” санагандар арбып, бул ирет аны менен тандемге баргандар болбоду…

Компроматтык согушта анын Акаев, Бакиев доорунда үй-бүлөлөргө кызмат кылганынан тартып, бизнесин “рейдерлик” жолдор менен тартып алган деген айыңдар бар.

Андай аңыздарга негиз болгон бир жагдай: Беловодскиде Валерий Хонго таандык мунай базасы болгон. Хон ал бизнести Бабанов биринчи вице премьер-министр кезинде  көз боемочулук, рейдерлик менен тартып алды деп айыптап, соттошуп жүргөн…

Андан сырткары Бабановдун апасынын башка улуттан болушу,  Казакстан жараны деген паспорт көчүрмөлөрүнүн тарашы да оппоненттер тарабынан кээде ачык, көбүнчө интернет айдыңында, маалымат каражаттарында каршы колдонулуп келатат.

 

Темир Сариев

 

Темир Сариевди “трайбалист” катары айыпташат. 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин ал Сокулукта “оштуктарды кууп чыккыла” деп жүргөн деген аңыз кеп азырга чейин токтобой келет. Учурда Темир Сариевдин айланасында түндүк кландары көбүнчө чогулуп, бийликти башка регионго бербейбиз дегендей аракетти жасашууда.

Темир Сариев Үзөңгү-Кууш маселесинде Акаевди колдоп добушун берген. Башкача айтканда, Үзөңү-Кууштун Кытайга берилишин колдогон.

Темир Сариевге  2010-жылдагы ыңкылаптан кийин банк уячаларынан алынган миллиондорду бөлүштүрүүгө катышуусу, ал боюнча телефон аркылуу Бекназаров менен сүйлөшүүсү да компромат.

Убактылуу өкмөт, андан кийин Атамбаев түзгөн өкмөттөрдө эң таасирлүү министрликтерди- финансы, экономика министрликтерин жетектеди, соңунда өкмөт башына келди.

“Реформа деп кыйкырган” бул эрендердин ал жогорку кызматтарда реформасы, анын натыйжасы да байкалбады. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп, анын да натыйжасы болбоду…

Темир Сариев сөздү орду менен сүйлөгөн, күрөштөн жалтанбаган жагы менен белгилүү.

 

Бакыт Төрөбаев

 

Бакыт Төрөбаев салыштырмалуу жаш талапкер. “Өнүгүү” партиясын таптап, парламентке алып келди. Бирок ал саясатта чечкиндүү кадамдарга бара албайт, билимсиз, бийлик катуу сөөмөй кезесе, артка чегинип кетет деген сөздөр ээрчип келатат.

Атасы Эргеш Төрөбаев көптөгөн жылдар боюнча Жалал-Абадда энергетика тармагын жетектеп, баласынын материалдык-базасына пайдубал куюп койгон. “Биз кушчубуз” деген Эргеш Төрөбаев Майрам Акаева менен тил табышкан. Андан кийин Жалал-Абаддан чыккан президент Бакиев менен да “май менен сүттөй” болуп кеткен. Ал доордо Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министри болду. Ошондуктан азыркы кезге чейин “Өнүгүү” партиясын Максим Бакиев финансылайт, ал ошонун долбоору деген сөздөр бар. Аны төгүндөө үчүн Бакыт Төрөбаев сотко кайрылганы да белгилүү.

 

 

Адахан Мадумаров

Социалдык тармактарда, өзгөчө Фейсбукта колдоочулары арбын, мигранттар чоң үмүт арткан Адахан Мадумаров экинчи жолу президенттик таймашка түшүп олтурат. 2011-жылы шайлоодо (расмий маалыматтар боюнча) 274 миңден ашуун адамдын же 15% жакын шайлоочунун добушун алган. Бул ар кандай тоскоолдук жана көз боемочулуктар аркылуу кыскартылып, мына ошолордон калганы экени, анын реалдуу алган добушу 37% тегереги экени айтылып келет.

Президенттик шайлоодогу мына ушундай олуттуу көрсөткүчтөргө карабай эки жолку парламенттик шайлоодо Адахан Мадумаровдун партиясы өтө албай калды. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” өткөнүн, бирок атайын четке сүрүлгөнүн БШКнын ал кездеги төрагасы Акылбек Сариев кийин моюндаган.

Мадумаровго коюлуп келген, мындан кийин да коюла турган компроматтар Каркыра боюнча келишим жана 2010-жылдагы ыңкылаптын катышуучуларын Мадумаров “жырткыч” бандиттерге” деп атады  сөздөр.

Мадумаров сынга тез теригип, ачуусу ылдам келет, менменсинет, текебер деген сөздөр да артынан ээрчип жүрөт. Мына ушундай мүнөзүнөн улам саясий өнөктүктөрдө олуттуу, дараметтүү команда топтой албаганы айтылат.

Бирок Мадумаров тазалыгы, мамлекеттин, элдин мүлкүнө кол салбагандыгы, патриоттуулугу, чечендиги, дин жагынан да аалымдардан калышпагандыгы менен  күйөрмандарын, тарапкерлерин сактап келатат. Ага каршы жогорудагы компроматтар шайлоо мезгили келгенде катуулап жаңыра баштайт. Бул ирет да мына ошондой болорунда шек жок.

 

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар