Талапкерлер катарына Ташиев жана Келдибеков кошулду

“Ата Журт” партиясынын курултайынын Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин президенттикке көрсөткөн чечими Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү. Курултай 18-июлда болуп, анда  партия эки талапкерди көрсөткөн эле. Эми эки талапкер 30 шайлоочунун колун топтоп, мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп,  1 млн. сом күрөөгө койгондон кийин президенттикке расмий талапкер болуп катталат.

Жогорку Сот Келдибековдун соттуулугу быйыл ноябрь айында жоюларын билдирген. Ошондуктан Келдибеков катталбай калса, Ташиев барат деген максатта партия эки талапкерди көрсөткөн.

21-июлда президенттикке  Токтайым Үмөталиева да өзүн-өзүн көрсөткөнү маалым болду. Ошону менен талапкерлердин жалпы саны 37ге жеткенин БШК белгилейт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар