Талапкерлер катарына дагы кимдер келди?

Кезинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери болгон, андан кийин “Кыргызстанды куткаруу” кыймылын түзгөн, учурда саясат менен адвокаттык ишмердүүлүктү айкалыштырган айтылуу Мукар Чолпонбаев да Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырып, президенттик шайлоого талапкер катары катышууну чечти. БШК Мукар Чолпонбаевдин өзүн-өзү көрсөткөн документтери 5-июлда келип түшкөнүн кабарлады.

Ошону менен 2017-жылдын 5-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-14 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев).

-2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев — «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы).

БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматова абактагы Садыр Жапаровдон да БШКага арыз келип түшкөнүн билдирген. Бул тууралуу “Заноза” маалымдаган. Бирок БШКа Жапаровду арыз бергендер катарына кошпой келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар