Талапкерлер катарын пенсионерлер толтура баштады

Президенттик шайлоого талапкер катары катышууга акыркылардан болуп, Калмамат Мактымбаев арызын берди. 1952-жылы туулган Мактымбаев талапкер катары шайлоого катышууга ниеттенген 39чу жаран болуп калды.

Мактымбаевден кийин 26-июлда  Марта Кадыралиева да талапкерлигин көрсөттү. 1961-жылы туулган Кадыралиева айым 30 миң кол топтоо, 1 млн. сом күрөө төлөө сыяктуу  иштерди аткарууда аягына чейин барабы айтуу кыйын. Кандай болгон күндө да талапкер болом дегендер саны Кадыралиева менен 40 болду.

Талапкерликке көрсөтүү 1-августка чейин уланарын БШК эскерткен.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар