Талапкер тандоону көздөгөн тегерек стол

5-июлда  Бишкектеги Дамас мейманканасында айрым саясий партия, коомдук уюм жана активисттердин катышуусу менен тегерек стол жыйын болуп, анда президенттикке талапкерге коюлчу талаптар боюнча талкуу уюштурулду. Президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниети бар Бекбосун Бөрүбашев, Улукбек Кочкоров, Мукар Чолпонбаев сөз сүйлөп, талкууну баштады. Мукар Чолпонбаев азыркы бийлик системасын мамлекетти кризистен алып чыгууга жарабай деп, аны алмаштырууну, президенттикке колу, жан дүйнөсү таза адамды шайлоого чакырды. Өзүн талапкер катары катышууга даярдыгын билдирди.

Улукбек Кочкоров өлкө терең кризисте жатат деп, саясат менен бизнести бөлүүгө үндөдү. Президенттикке барган адам бардык бизнесин туугандарына өткөрүп калбай, аны толугу менен сатууга тийиш деди.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бөдөш Мамырова өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абал менен бирге сөз эркиндиги кысымга алынып жатканын белгиледи.

Тегерек стол жыйынды мурунку акыйкатчы Бакыт Аманбаев алып барды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар