Талапкерлер саны 34кө жетти

БШКнын маалымты боюнча, президенттик шайлоого талапкер болуп катышууну көздөп, арыз бергендер саны 34кө жетти. Алардын ичинен беш талапкерди Т.Сариев ди «Ак-Шумкар» , Б.Төрөбаевди «Өнүгүү-Прогресс» , Турсунбек Акунду «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаровду- «Бүтүн Кыргызстан” , С.Жээнбековду КСДП көрсөттү. “Ата Журт” партиясы Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин талапкерлигин көрсөткөн. Бирок алар тууралуу БШКа маалымат берген эмес.

Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөр Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А. Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров жана С.Н. Жапаров

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар