Тайырбек Сарпашев кызматынан бошотулду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгону 15-июнда кабарлады. Сарпашевге кылмыш иши козголгонго байланыштуу төрт ай мурун кызматынан четтетилип турган эле. Ал 2013-жылы Максим Бакиевге таандык жер тилкеси каттоодо жана “Учкунда” күбөлүктөрдү 8 млн. сомго чыгарууда мыйзам бузган деп айыпталган.

Сарпашевдин айтымында, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал өз ыктыяры менен кызматынан кетүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар