Тагдыры соодага түшкөн саясий туткундар…

Кыргызстанда Атамбаев доорунда камалган жыйырмадан ашуун саясий туткун бар. Алардын ысымдары Кыргызстандагы саясий туткундарды коргоо комитетинин тизмесинде жазылган. Абакта отурган саясий туткундардын көпчүлүгү белгилүү саясатчылар. Тизмеде Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбаев, Канат Исаев жана башкалар бар.

Сооронбай Жээнбеков бул саясий туткундардын тагдырын кандай чечүүнүн үстүнөн башын катырып жатканы маалым. Аларды бошотуу Атамбаев менен конфронтацияны ого бетер күчөтөт, бошотпоо жарандык коом, саясий күчтөрдүн каршылыгын пайда кылат.

Жээнбеков мына ушул эки дилемманын алдында турат. Айрым маалыматтарга караганда, Сооронбай Жээнбеков ишенимдүү тар чөйрөсү менен бул маселени талкуулап, саясий туткундарга көңүл бурбай туруу чечимине келишкен. Эгерде жарандык коом, жакындары, калк тараптан маселе көтөрүлсө, анда “аларды биз отургузган эмеспиз” дегендей жооп беребиз дешкен.

Муну менен алар Атамбаев менен конфронтацияга да чек коюп турабыз деп ойлошкон шекилди. Анткени Атамбаев Жээнбеков менен сүйлөшүүнүн бирден бир шарты катары мына ошол камалгандарды бошотпоо талабын атаган. Атамбаевдин алардын бошотулушунан коркуусунун себеби абдан чоң. Саясий туткундардын эркиндикке чыгышы менен Атамбаев үчүн үрөй учурган “кошмар” башталат. Анда азыркы кезде кадрларын кызматтан айдоо жөн эле “оюнчук” болуп калат эмеспи.

Жарандык активисттер болсо саясий туткундарды бошотуу талабын көтөрүүнү максат кылып жатышат. Алар 14-майда Бишкекте бул маселе боюнча чоң талкуу уюштуруп, анда президентке, эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алууну пландаштырууда. Кайрылуу саясий туткундарды бошотуу талабы коюлмакчы.

Саясий туткундарды коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда саясий туткундар маселесин эң башкы маселелердин бири катары көтөрүүнү көздөп жатышат. Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууну пландаштырып жатканын жакында билдирген эле…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар