Таалатбек Масадыков талапкер болууга арызын берди

БШКнын 29-июндагы кабарлоосу боюнча, 1961-жылы туулган Таалатбек Масадыков президенттикке талапкер катары өзүн-өзү көрсөттү. Таалатбек Масадыков Бирикен Улуттар Уюмунун линиясында Ооганстанда эмгектенген дипломат жана саясат, тышкы саясат боюнча адис. Акыркы 12 жылда Борбор Азия, Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы жаңжалдарды четтетүү , эл аралык террорчулук, баңги соодасына каршы күрөшүү үстүндө иштеген. Ал бир нече тилди билген, дүйнөдөгү көп жогорку окуу жайларда дарс окуган билимдүү инсан.

29-июнга карай Борбордук шайлоо комиссиясына ошону менен 9 жаран президенттик шайлоого талапкер катары катышуу арызын берди. Алардан сырткары эки талапкерди партия көрсөткөн.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар