Т. Сариевдин штаб башчысы неге кетти?

Темир Сариевдин шайлоо штабынын башчысы Элмира Ибраимова саясий себептерге байланыштуу штаб башчылыктан кеткени жарыяланды. Бул маалыматты Сариев да, Ибраимова да ырастады.

Темир мырзанын шайлоо штабын Алтынбек Эргешов  жетектемекчи. Сариевдин штабын Элмира Ибраимова келгенге чейин Алтынбек мырза жетектеп келаткан, эми ал кайрадан ордуна олтурду.

Алтынбек Эргешов өкмөт аппаратында жооптуу кызматта иштеген. Кыязы, премьер-министрлик кызматка Темир Сариев келгенде эки ортодо байланыш түзүлгөн. Президенттик шайлоо өнөктүгү башталганда Эргешов штабка тартылган.

Темир Сариевдин штаб башчысы алмашылганы 26-сентябрда кабарланды. Бирок штабда баары жайында эмес экени мурда эле маалым боло баштаган. Маселен, Темир Сариевдин акыркы кездеги жолугушууларында Элмира Ибраимова, Аликбек Жекшенкулов, Б.Алымкулов жана башкалар байкалбай калган.

Элмира Ибраимова менен бирге штабдан кеткен саясатчылардын бири “Темир Сариев көп катачылыктарды кетирип жатат. Биздин пикирди укпайт” деп айткан эле Элньюстун кабарчысына.

Элмира Ибраимова штаб башчылыктан кетүү себеби боюнча билдирүүсүндө, “мен, башында тандалган коомду эркин жана  демократиялык өнүктүрүү, экономиканы интенсивдүү өстүрүүгө жана укуктарды сактоо багытын толук колдоймун. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күнү биздин көз караштар таптакыр кайчы келип калды. Мен саясий коньюктурага жараша идеологиялык позициямды өзгөртүүнү жол бергис деп эсептеймин” деген.

Темир Сариев ага жооп билдирүүсүндө “баштапкы жолунан кайтпаганын, акыйкат күрөш, өлкөдө туруктуулукту жана программаны турмушка ашырууга аракет кылуу кала бергенин” белгилеген.

 

Арийне, Темир Сариевдин  демократия, укукту сактоо сыяктуу максаттардан баш тартканы байкала элек. Ошондуктан Ибраимованын билдирүүсүн жана чечимин Сариевдин саясий тандоосу же кайсы жээкке ыктоону тандоо маселеси менен байланыштыруу туура.

Сариев жана Ибраимованын риторикасына саресеп салуу алардын эки жээкте калганын көрүүгө  болот.  Маселен,“туруктуулукту сактоо жана программаларды турмушка ашырууга аракеттенүү” деген Темир мырзанын сөздөрү аны бийлик жана анын талапкери Сооронбай Жээнбеков менен жакындаштырат.

Ал эми Ибраимованын “демократия, укук, эркин коом куруу сыяктуу” сөздөрү бийлик эмес, оппозициянын ураандарына жакындатат. “Республика-Ата-Журттун” талапкери Өмүрбек Бабановду ачык да, жашыруун да колдоп жаткан жарандык активисттер менен үндөшөт…

Эң башкысы, Темир мырзанын шайлоо өнөктүгүнө Москвадан күтүлгөн акчалай жана башка тараптан колдоо келбей калды. Ошого жараша шайлоо өнөктүгүн каржылоо аксап калды.

Президенттик үчүн күрөш болсо бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков жана акчалуу Өмүрбек Бабановдун ортосунда жүрүп калды.

Акча жана курулай үгүткө башы айланган караламан мына ушул эки нерсеге муюп, аккан селдей баратат.

Анча-мынча акылга салган сөздөр, жандүйнө, жүрөктөн чыккан чакырыктар караламанга жетпей калды. Жеткен күндө да “байге кетти!” деген ызы-чуу, куу-сүргүндө угулбай калды…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар