Т.Сариев талапкерлерге бирдей шарт түзүүнү жана административдик ресурсту колдонууну токтотууну талап кылды

Президенттикке расмий түрдө талапкер болуп катталган Темир Сариев кайрылуу менен чыкты. Анда ал талапкерлерге бирдей шарт түзүүнү, административдик ресурсту колдонууну токтотууну талап кылды. Төмөндө Темир Сариевдин билдирүүсүн толук бойдон сунуштайбыз:

-Азыркы мезгилде, мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлердин толук кандуу каттоосу жүрүп жатат. Үгүттөө учуру дагы баштала элек, бирок ага карабастан, күнүгө “Форумга” иш убактысына карабай улам-улам ар түрлүү министрлерди, губернаторлорду, мэрлерди ж.б., жетекчилерди бийликчил партиянын талапкерине иштегенге ачык эле мажбурлап жатышат. Бул ишти Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов экөө алып барып жатышат. Бул “жумуш жыйындарында” өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып калып жатат.

Ушуга байланыштуу, мен Прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат элем, мындай мыйзамды одоно бузулуп жаткан фактыларына алардын ыкчам түрдө көңүл буруусуна, жана мындан ары мындай нерселердин болушуна жол бербешине камсыз кылып берүүсүн талап кылам. Андан тышкары, Сооронбай Жээнбеков чукул арада ыйгарым укуктарын өткөрүп берсин, анткени ал өзүнүн өкмөт башчылык кызматтык абалын кеңири колдонуусун токтотуусу керек.

Мен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат элем, — калыстык жана таза шайлоо үчүн баардык талапкерлерге бирдей шарттарды түзүүнү камсыз кылып берүүсү керек. Абакта отурган талапкерлердин дагы, алардын кыргыз тили боюнча тестирлөөгө катышууга толук укуктары бар, анткени алар сот тарабынан соттоло элек жарандар, алардын шайлаганга жана шайланганга толук конституциялык укуктары бар. Бирөөлөргө алар жакпаса дагы мыйзамдын алдында баары тең, бирдей болуш керек, ошондо кана эл адилеттүү тандоо кыла алат жана ачык шайлоо өтөт.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар