Т. Батыралиев сындаса, каяша айтуучулар да чыгат …

Жакында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Психикалык ден соолук республикалык борборуна (ПДРБ) атайын барып, ал жактагы ремонт иштери менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштерине канааттанбаганын билдирди. Ал тургай жумурткадан кыр издеп, жергиликтүү маалымат каражаттарына сатылып келинген керамика плиталары жана кабинеттин эскилиги жеткен полун алмаштырууга даярдыктан бери жарыялады.

Белгилей кетсек, мындан мурдагы текшерүүдө көрсөтүлгөн экинчи жана үчүнчү корпустардын сырткы дубалдарын ремонттоо иштери боюнча 2,5 млн. сомго смета түзүлгөн. Финансы каражаттары чечилээри менен оңдоп-түзөө иштери башталмакчы. Чындыгында, бул иштер аталган борбордун башчысынын ишти уюштура билгендиги, жаратмандыгы менен болуп жатат. Борборду өнүктүрүү багытында бир жылдын ичинде бир топ иштер жасалды. Акча каражатынын тартыштыгына карабастан ПДРБнун борбордук дарыканасы, жыйындар залы, башкы корпустун биринчи жана  үчүнчү кабаттарынын коридорлору жана санитардык бөлмөлөрү толугу менен оңдолуп-түзөлдү, башкы корпустун 3-кабатынын кабинеттеринин эшик-терезелери алмаштырылды. №6 жана №3/2 стационардык бөлүмдөрүнүн сырттан келген жылуулук тармактары ремонттолду. Тил жатыктыруучу бөлүмүнүн жылуулук системасы толугу менен алмаштырылды. Азыркы тапта 1-бөлүмдүн санитардык бөлмөсүндө жана ПДРБнун тамак-аш даярдоочу жайында ремонт жасалып жатат. Психикалык ден соолук республикалык борборунун жетекчилиги каржынын тартыштыгы жөнүндө Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү Медициналык Камсыздандыруу Фондуна атайын кат менен бир нече жолу кайрылган, ал эми алар «Саламаттык Сактоо Министрлигине кайрылгыла» деп сунуш кылып, жооп кайтарышкан. Өз кезегинде Саламаттык Сактоо Министрлиги “2017-жылдын бюджетинде каралган эмес, кошумча каражат бөлүнсө карап көрөбүз” деп жооп берген.

Ошол эле убакта 1964-жылдан бери Психикалык ден соолук республикалык борборунун имараттары, ички суу түтүктөрү, борбордук жылуулук системасы боюнча капиталдык ремонт жасалган эмес. Андыктан, бул жагдайды эске алганда тез аранын ичинде аталган борборго  капиталдык ондоо жүргүзбөсө, аябай ири чыгымга дуушар болору чындык. Мындай кырдаал жөнүндө ПДРБнун жетекчилиги жогору жактагыларга көп жылдан бери эле коңгуроо кагып келе жатат. “Албетте, мамлекеттин бюджети тартыш, биз муну түшүнүп, билип турабыз, ошого карабастан биздин жетекчилигибиз  бүт күч-аракетин жумшап, жогоруда белгиленип кеткен иштерди жасап жатат. Ал эми Саламаттык Сактоо Министирлигинин жетекчилиги каражат маселесин чечүүгө жардам көрсөтүп, башталган ишти кубаттоонун ордуна, жасалып жаткан иштерди көрмөксөн болуп, жалаң гана «негатив» издеп жатканы өкүндүрөт” – дейт эмгек жамааты.

Психикалык ден соолук республикалык борборуна караштуу Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жайгашкан имараттын эскилиги жетип, эксплуатацияга жараксыз болуп калганда, тонолуп же жеке басып алууга  туш болуп калаарда, ПДРБнун жетекчилиги тарабынан 2006-жылы Министрликтин уруксаты менен ПДРБунун турак-жайсыз медициналык кызматкерлерине келишимдин негизинде убактылуу жашап турганга берилген. Бул боюнча башкы прокуратура дагы текшерген.

Бийлик Т.Батыралиевди “илимдүү адис жана саламаттыкты сактоо системасын түп-тамырынан бери оңдойт” деген ишеним менен Министрликти жетектөөгө дайындаган. Бүгүнкү күндө бүтүндөй Саламаттыкты Сактоо системасынын материалдык-техникалык базасын толугу менен оңдоп, жаңылоо иштерин жүргүзүүдө маселенин баары финансыга келип такалаары министр мырзага белгилүү. Ощондуктан, Т.Батыралиев саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын чыңдоо максатында өздөрүнүн аракетттери менен иштерди жасап жаткан жетекчилерге бут тоспой, колдоо гана көрсөтүшү зарыл.

 

Укук коргоочу Качкын Булатов

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар