Суусамыр суусуна карамай төгүлдү

15-августа саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош жолунун 200чу чакырымында ДАФ үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка учураган. Андагы 20 тонна карамай жолго төгүлүп, Суусамыр суусуна агып түшкөн. Унаада айдоочу менен бирге болгон киши жабыркап, оруканага жөнөтүлгөн. Айдоочу эч нерсе болгон эмес. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган автоунаалардын кырсыкка учурашы өтө көп учурайт. Жакында эле ДАФ үлгүсүндөгү дагы бир автоунаа кырсыкка  учурап, андагы солярка Кара-Балта суусуна  агып түшкөн эле.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар