Стамбулда Манастын эстелиги ачылат

Темирлан Сарлыкбек уулунун жекшемби күнү Фейсбуктагы баракчасына кабарлоосуна караганда, эстеликти ачууга даярдыктар жүрүп жатат.

Темирлан мырза Стамбулда Манастын айкелин орнотуу демилгесин көтөрүп, ал айкелчилер Токталы Мурзакаримов, Садабек Ажиев жана Сейитбек Калбаев тарабынан жасалган. Стамбул шаарынын Халич деген жеринен түрк бийлиги орун бөлүп берген.

Айкелдин ачылышы 9-августа болуп, ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышары күтүлүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлаган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар