Соттор чечимиби же Жээнбековдор ишиби?

Атамбаев учурунда “кол балага” айланып кеткен соттор Жээнбеков учурунда  “көз карандысыз” болуп кетти дегенге негиз жок. Соттор дале Акүйдүн көзүн карап, ишаарасын күтүп отурат деген чындыкка жакын. Аны акыркы учурдагы бир нече соттук чечимдер ырастап жатат.

Атамбаев доорунда Бектур Асанов, Кубан Кадыров жана Эрнест Карыбеков “кулагынан” тартылган “фактылар” менен көп жылдарга кесилген эле. Алардын иши саясат экени баарына белгилүү болчу. Анткени алар Атамбаевдин элге каршы саясатына каршы чыгып, аны кескин сынга алып жатышкан жеринен жалаа менен кармалган.

С.Жээнбеков доорунда Б.Асанов, К.Кадыров жана Э.Карыбековго Жогорку Сот иш жүзүндө Атамбаев соттору чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Болгону 12 жылга кескенди 8 жылга кыскартымыш болду.

Атактуу саясатчылардын бири Өмүрбек Текебаевди соттоп камоого Модин деген шылуундун көрсөтмөсү себеп болуп берди. Чынында Текебаев Атамбаевдин  чет өлкөлүк банктардагы акчасын таап, Бишкектеги жер корупциясынын бетин ачып  жаткан жеринен оозун жабуу үчүн камалганы баарына маалым.

Сооронбай Жээнбеков дайындаган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов болсо Текебаевдин ишин кайра кароого негиз жок деп койду.Атамбаев доорунда саясий туткунга айланган Текебаевдин саясий туткун бойдон кала берүүсүнө негиздер көбөйдү..

13-июнда Садыр Жапаровдун иши боюнча андан өткөн жаман  көрүнүш болду.  Жогорку Сот Жапаровду 11.5 жылга кескен райондук, шаардык соттордун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Адилеттүүлүк күткөндөр,ырайым күткөндөр, өзгөрүү күткөндөр өзөктөгү өртү менен кете берди…

Бул саясатчылардын баарын саясий туткун деп жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан таанылган.  Саясатчыларга, коомчулукка алардын иши жалаа менен токулганы белгилүү. Ошондуктан ал иштердин баарында саясат жатканы элге маалым.

Сооронбай Жээнбеков тушунда саясий туткундардын эркиндикке чыгуусуна, адилеттүүлүк орноосуна эмне үчүн аракет жасалган жок деген суроо туулат?

Биринчиден, Жээнбековдор бийликке, системага каршы чыккандарга айоо болбосун эскертүүнү көздөшкөндөй. Эртең аларга да кайсы бир саясатчылар каршы чыгып, акция же башка бир кыймыл-аракетке барса, анда аларга айоо болбосун көзгө сайып жатышкандай.

Экинчиден, саясий туткундардын көпчүлүгү белгилүү саясатчылар. Алар  эркиндикке чыкса жөн жатышпайт. Саясий ишмердүүлүгүн улантат. Алар өлкөдө саясий кырдаалды өзгөртүүгө кудуреттүү. Атамбаевчылардан бийликти алып, аны бекемдөө үстүндө аракеттенип жаткан Жээнбековдор үчүн ашыкча баш оорунун кереги жок.

Алар үчүн “биз камаган эмеспиз” деген  “башын кумга каткан”  позиция ыңгайлуу болуп жаткандай…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар